Чоң Чүй каналында 16 күндөн бери издеп жатышкан кишинин сөөгү табылды
Поделиться в:
26-октябрда Бишкектеги Исанов көчөсү тушта, Чоң Чүй каналында эркек кишинин сөөгү табылды.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.
Суудан сөөктү алып чыгууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылды. 1986-жылы туулган С.Т. 10-октябрда Валиханов көчөсүндө каналга кулап кеткен болчу.
Анын сөөгү милицияларга өткөрүлүп берилди, туугандары таанышты.
Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalynda-16-kndn-beri-izdep-zhatyshkan-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×