Чоң-Алайда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө болду

9 сентября 2020 10:11 937 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 9-сентябрда, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 05:57де Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Жар-Башы, Күлчү, Чак, Жаш-Тилек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.


Ссылка: https://barometr.kg/cho-alajda-kch-25-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий