Чоң-Алайда кар көчкүгө байланыштуу 70тей жүргүнчүсү бар ондон ашык унаа жолдо калды
Поделиться в:
Чоң-Алайда кар көчкүгө байланыштуу 70тей жүргүнчүсү бар ондон ашык унаа жолдо калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалым болгондой, 5-февраль күнү саат 23:40 чамасында катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымында кар күрткүсү пайда болгон. Анын кесепетинен 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калышкан.
Окуя болгон жерге ӨКМнын кызматкерлери барып, саат 00:26да Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымындагы кар күрткүсүн толугу менен тазалап, унаа жолун ачышкан. Ал эми, 70 жүргүнчү (55 эркек адам жана 15 аял киши) аталган унаа жолдун 108-чакырымында (Жар-Башы тилкеси) жайгашкан 2 мечиттин ичине убактылуу жайгаштырылган.
Добавить комментарий ×