Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 66 мамлекеттен келген жалпы 1556 спортчу катышат

3 сентября 2018 13:35 1149 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 66 мамлекеттен келген жалпы 1556 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, катышуучулар күрөш, алыш, ат чабыш, жаа атуу сыяктуу спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат.

Ачылыш аземинде көчмөн элинин тарыхы чагылдырылып, улам доор алмашып отуруп азыркы ааламдашуу заманына чейинки учурду көрсөтүп беришти. Андан соң спортчулардын делегациясы салтанаттуу жүрүшкө чыгышты. Соңунда президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтып, расмий түрдө ачык деп жарыялады да Кыргызстандын гимни жаңырып, асманга салюттар атылды. 

Ачылышка Казакстан, Түркия, Татарстандын президенттери, Венгриянын премьер-министри, БАЭдин Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы жана башка чет элдик коноктор, кыргызстандыктар күбө болушту.

Ошондой эле,  миң манасчы Манас айтып, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. 

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/chnch-djnlk-kchmndr-oyundaryna-66-mamleketten-kelgen-zhalpy-1556-sportchu-katyshat



Добавить комментарий