Руслан ажы Жумагулов: Имамдар шайлоодо үгүт иштеринен алыс болушу керек

28 августа 2020 15:02 591 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулукта имамдарга жыйын өттү. Бул тууралуу дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде облус казысы Руслан ажы Жумагуловдун жетекчилиги алдында райондун баш имам хатибтерине жыйын өтүп, анда акыркы сегиз айдын отчёттору кабыл алынды. Муну менен катар облустагы диний кырдаал талкууланып, жума намазына болгон даярдык маселесине басым жасалды.

Ошондой эле облус казысы шайлоо жакындап келе жаткандыгына байланыштуу дин кызматкерлери үгүт иштеринен алыс болуусу керектигин эскертип, мечиттердин тазалыгы, ишембиликтерди өткөрүү, мечиттердин каттоосун тездетүү жаатындагы иш алып барууга чакырды.

«Жылдын башында кабыл алган пландарды ишке ашыруу максатында бардык аракеттерди күчөтөбүз. Бирок, мамлекетибизде санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык талаптарды так аткаруу жана аны көзөмөлдөөнү баш имам хатибдерге тапшырма бердик. Жума намазынан кийин ар бир райондон отчёт алабыз», — деди Чүй казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов

Ссылка: https://barometr.kg/chjdn-kazysy-imamdardy-shajloodo-gt-ishterinen-alys-boluunu-eskertti



Добавить комментарий