Видео. Чүйдөгү Кегети жайлоосу өрттөнүп жатат
Чүйдөгү Кегети жайлоосу өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Нурали Байтемиров аттуу интернет колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал тилсиз жоо каптаган Кегети жайлоосуна жергиликтүү жетекчилер, өрт өчүрүү кызматы барбаганын айтат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кегети жайлоосунда өрт болуп жатканын тастыктап, кырсык каптаган аймакта 8 куткаруучу иштеп жатканын билдирди.
“Учурда Кегети жайлоосунда 8 өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Өрт тоодо болгондуктан өрт өчүрүүчү техникалар чыга албай, 8 куткаруучу кол каражаттары менен өчүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өрттүн чыгуу себептери, жабыркаган аянт такталат”, - деди басма сөз кызматы.
Ссылка: https://barometr.kg/chjdg-kegeti-zhajloosu-rttnp-zhatat
Добавить комментарий ×