Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, эки киши жабыркады

13 сентября 2018 17:05 885 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыгып, күйүк алган эки тургун ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Ленин айылындагы Коммунарская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жана сарайдын жалпы 136 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1979-жылы туулган А.Д., 1980-жылы туулган Е.Д., 1940-жылы туулган В.Л. аттуу жарандар денесинен 5% күйүк алган. Тез жардам кызматкерлери тарабынан алар райондук ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-turak-jdn-rt-chygyp-eki-kishi-zhabyrkady



Добавить комментарий