Чүйдө трактор менен кичи автобус кагылышып 15 жаштагы өспүрүм кыз каза болду

12 июня 2018 02:09 3589 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунунда трактор менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 15 жаштагы өспүрүм кыз каза болду. Бул тууралуу аталган облустун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты. 

Маалыматка караганда, 50 жаштагы У.И. Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус менен бара жатып, 33 жаштагы Ж.О. башкарып бара жаткан тракторду сүзүп алган. Кырсыктан кичи автобустун ичинде бара жаткан жүргүнчү 15 жаштагы М.М. дароо эле окуя болгон жерден каза болгон. 

Айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан. Алар Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-traktor-menen-kichi-avtobus-kagylyshyp-15-zhashtagy-sprm-kyz-boldu



Добавить комментарий