Чүйдө Орозодо ооз ачар уюштурууга тыюу салынды
Чүй облусунун бардык райондорунда ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар арасында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин улантышууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.
Сокулук районунда жашоочуларга милиция кызматкерлери өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Мындай иш-чараларга жергиликтүү жашоочулар да катышышып, эскертүү иштерин улантышты.
Орозо айына карата чогулуп ооз ачар уюштурууга, эс алуучу жайларда топтолуп убакыт өткөрүүгө убактылуу тыюу салынганын жашоочуларга эскертишип, ар бир жарандын жоопкерчиликтүү мамилеси бүгүнкү кырдаалдан чыгууга кошкон салымы болоорун эскертишти.
Сокулук районунун ИИБдүн кызматкерлери жер-жерлерде алдын алуу иштерин тынымсыз улантышып, соода сатык жайларда тазалыкты сактап, дезинфекциялоо иштерин байма-бай жүргүзүп турууну эскертишүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-ramazan-ajyna-karata-chogulup-ooz-achar-uyushturuuga-tyyuu-salyndy
Добавить комментарий ×