Чүйдө өткөрмө баракчасын жасалмалаган жаран кармалды

30 марта 2020 18:14 793 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргендигине байланыштуу, Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБгы тарабынан, Чүй облус аймагында санитардык-карантиндык посттору жайгаштырылып ЖКККБнын кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу Чүй ОИИББсы боюнча ЖКККБнын Басма-сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 30-март күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында жайгашкан санитардык-карантиндык постунда ЖКККБнын жана бекитилген кызматкерлер тарабынан “Тойота-Чейзер” үлгүсүндөгү автоунаа  токтотулуп текшерген учурда,  айдоочу Аламүдүн районунун жашоочусу 49 жаштагы Х.А. аттуу жаран автоунаасынын алдыңкы терезесинен пропуск (өткөрмө) баракчасы жасалма түрдө болгондугу боюнча шектелип, Ысык-Ата РИИБдин тергөө тобу чакырылып өткөрүп берилди. 

Азыркы учурда  автоунаа убактылуу айып унаа жайына токтотулуп, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын  Жазык Кодексинин 171-беренесинин негизинде топтолгон иш-кагаздары Ысык-Ата РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине киргизилип тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Андыктан облустук милиция жашоочуларды коронавирус илдетин жоюу жана алдын алуу максатында үйүнөн себепсиз эч жакка чыкпоого чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-propusk-tkrm-barakchasy-zhasalma-trd-bolgondugu-chn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий