Чүйдө компютердик клубдан 46 800 сом уурдалып, шектүү жаран кармалды

10 декабря 2020 10:12 1211 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй районунун Чүй айылында компютердик клубдан 46 800 сом уурдалып, шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Чүй ички иштер бөлүмүнө арыз менен К.А. уттуу жаран кайрылган, себеби 8-декабрда Чүй айылында жайгашкан компьютердик клубдун кассасынан 46 800 сом суммасындагы акчасын уурдап кеткен билдирип, белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Чүй РИИБнүн КЖБР катталып КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү алкагында, Чүй РИИБнүн милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип 18 жаштагы О.Н. Чүй облусунун тургуну кармалган. Кармалган адам бактылуу кармоочу жайга  кармалган. Сотко чейинки өндүрүш иши  уланууда.



Ссылка: https://barometr.kg/chjd-kompyuterdik-klubdan-46-800-som-uurdalyp-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий