Чүйдө милиция кызматкерлери күн сайын элге нускамаларды өткөрүп жатат

13 апреля 2020 14:41 1227 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу иштерин улантышууда. Бул тууралуу  Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы билдирди.  

Өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын аткарып, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында Чүй районунун ИИБдүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен бир катар алдын алуу иштерин улантышууда. 

Бүгүнкү күнү көчөдө милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар тарабынан түзүлгөн жөө кайгуулдар жарандар арасында түшүндүрүү иштерин улантышып, коомдук жайларда жүргөндө бет каптарды тагынып, антисептикалык каражаттарды колдонуу зарылдыгын жеткиришүүдө. 

Андан сырткары милиция кызматкерлери дарыгерлер, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жумуштарды алып барышууда. Чүй районунун ИИБдүн өздүк курамына дарыгерлер тарабынан жугуштуу оорудан коргонуунун эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өздөрүнүн коопсуздуктары үчүн күн сайын нускамалар өткөрүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-iimdin-kyzmatkerleri-kn-sajyn-nuskamalar-tkrld



Добавить комментарий

  • Уйдо бол карантин деп атса да чыккандар коп..беш алтоо ооруп олсо анан кокуйлап кысып отуруп калышат ..