Чүйдө ГЭС-5 көлмөсүндө эркек адамдын жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Аламедин районунда ГЭС-5 көлмөсүндө 40- 45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 2-ноябрда Аламүдүн районунда саат 19:10до Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүндө болжол менен 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-ges-5-klmsnd-erkek-adamdyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×