Чүйдө эркек кишини бычактап өлтүргөн жаран кармалды

8 сентября 2021 14:30 873 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 7-сентябрда Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканада 1988-жылы туулган Б.З. каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган кылмышка шектүү жаран кармалды.Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган маалыматка таянсак, эркек киши 5-сентябрда ичине бычак жеп оорукана жаткырылган болчу, кечээ ал көз жумду.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 1975-жылы туулган М.А. Чүй областтык ИИББинин жана Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды.

Кылмыш кодексинин 130-беренеси-“киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди, сотко чейинки өндүрүш башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-erkek-kishini-bychaktap-ltrgn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий