Чүйдө элдик кошуундар милиция кызматкерлери менен чогуу иш алып барышууда (сүрөт)

13 октября 2020 17:21 508 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунда милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен бирге иш алып барышууда. Бул тууралуу Чүй ОИБнин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте күн сайын коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында биргеликте жумуш алып барышууда.

Бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун аймагында ыктыярдуу элдик кошуундун саны жетиштүү. Айылдарда түзүлгөн элдик кошуундардын башчылары дайыма ИИОнун кызматкерлери менен тыгыз байланышта болушат. Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү кызматкерлер менен бирге инструктаждарга катышышып, көчөлөрдө, коомдук жайларда жасалган ар кандай тартип бузууларды алдын алуу, коомдук тартипти сактоого катышуу менен гана чектелбестен, ИИОнун кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди активдүү жүргүзүшүүдө. Мындай иш-чаралар күнү-түнү көпчүлүк адамдар чогулган көчөлөрдө, коомдук жайларда  жана дүкөндөрдө жүргүзүлүп келүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-eldik-koshuundar-miliciya-kyzmatkerleri-menen-choguu-ish-alyp-baryshuuda-srt



Добавить комментарий