Чүйдө дарыгердин майкасын тытып, колун сындырган имамга сот чечими чыкты
Чүй областынын Москва райондук соту мечиттин имамы К.А.М аттуу жаранга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат
Ал 2018-жылы 13-сентябрда болжол менен саат 15:30да Беловодское айылындагы рентген кабинетке келген. Дарыгер Х.Р.С. менен атайлап урушуп, халаты менен майкасын айрып, кол салган. Экөөнүн чатагы имамдын аялынын рентгенге төлөгөн акчасынан улам келип чыкканы аныкталды.
Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүндө дарыгердин оң колунун аты жогу сынган, сол колу, денеси тытылганы айтылат.
Сот имамды күнөөлүү деп таап эл алында дарыгерден кечирим суроону жана келтирилген чыгымды төлөөнү токтом кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-darygerdin-majkasyn-tytyp-kolun-syndyrgan-imamga-sot-chechimi-chykty
Добавить комментарий ×