Чүйдө баңгизаттарды өстүргөн жергиликтүү жаран кармалды

28 июля 2021 20:04 1064 Barometr
Поделиться в:
ok

Жүргүзүлгөн комплестүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ички иштер министрлигинин аңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды өстүрүү менен алектенген жактын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Чүй облусунун Сокулук районунан 45 жаштагы жергиликтүү жаран жашыруун шарттарда өсүмдүк баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген.

Кылмыш жаза кодексинин 268-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун максатын көздөбөй сатып өткөрүү жана мыйзамсыз даярдоо) алкагында ыкчам кызматкерлери тарабынан  ЧЧКнын (БЧК) ылдый жагындагы фермада тинтүү жүргүзүү учурунда, жети жүз жыйырма эки даана көчөттөр табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 177 кг 900 грамм баңги каражаттарды камтуучу өсүмдүктөр алынган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүү иштери уланууда.


Ссылка: https://barometr.kg/chjd-bagizattardy-strgn-zhergilikt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий