Чүйдө аялы күйөөсүн өлтүрүп, бутуна кирпич байлап сууга салып жиберген

20 июня 2019 11:47 3280 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан өзүнүн күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

19-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери  Чоң Чүй каналынан зомбулук менен өлтүрүү белгилери бар болгон 50-55 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгүн табышкан.  

Каза тапкан адам Дмитриевка айылынын 52 жаштагы тургуну Б. А. экени аныкталды.

 Сотко чейинки тергөө маалында каза тапкан эркектин аялы 44 жаштагы С. С. кармалды.

Тергөөнүн алдын ала берген маалыматына караганда чатактан улам аялы күйөөсүн өлтүрүп, анын бутуна кирпич байлап Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген.

Аял учурда камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-ayaly-kjsn-ltrp-butuna-kirpich-bajlap-suuga-salyp-zhibergen



Добавить комментарий