Чүйдө 5-класстагы бала асынып өлдү
Чүй облусунда 11 жаштагы өспүрүм асынып өз жанын кыйган факты катталды. Бул факты 26-ноябрда катталганын Чүй облустук милициясы бүгүн билдирди. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери ал өз сарайында асынып алганын, маркум 2008-жылы туулган К.Н. экенин, ал өз жанын кыйганын аныкташкан.
Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соткө чейинки өндүрүшкө алынган.
Такталгандай, К.Н. Чүй районунун мектептеринин биринде 5-класста окуган, толук кандуу үй-бүлөдө туулган бала болуп чыккан.
Милиция учурда баланын өлүмү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Өз жанын кыйганына эмне себеп болгону аныкталууда. Экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-5-klasstagy-bala-asynyp-ld
Добавить комментарий ×