Чүйдө кирпич чыгарган заводун станогуна 32 жаштагы жаран бутун кыпчытып алды
Чүйдө кирпич чыгарган заводун станогуна 32 жаштагы жаран бутун кыпчытып алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, ӨКМ кызматына түшөөр замат куткаручуулар Сокулук районунун Орок айылында жайгашкан кирпич заводуна саат 03:56да чыгып кетишкен.
"Ишканадагы топурак майдалаган станокко 32 жаштагы А.М. аттуу жарандын оң буту кыпчытып сынып калган.
Куткаруучулар саат 03:56да жетип, бутун станоктон чыгарып, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-32-zhashtagy-zharan-kirpich-zavodo-stanokko-butu-kypchylyp-synyp-ketken
Добавить комментарий ×