Чүйдө 16 жаштагы өспүрүм изделүүдө (Сүрөт)

9 июля 2020 12:18 864 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 16 жаштагы бала жоголду. Бул тууралуу райондук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, Бекзат Тешебаев 3-июлда Көк-Жар айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.  

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, чачы сары, көзү күрөң, мурду кырдач.Кийген кийими: кара кепка, боз көйнөк, көгүш түстөгү спорттук шым, бут кийими көк түстө.Изделип жаткан өспүрүмдү көргөн-билгендер болсо ИИМдин кызматкерлерине маалымдап коюуну өтүнөт. 

Байланыш номурлары: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85,  (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23,0709 21-18-08,0550 34-33-63, 0778 00-09-99 (издөө бөлүмү).




Ссылка: https://barometr.kg/chjd-16-zhashtagy-sprm-izdeld-srt



Добавить комментарий