Нурбек Салымбаевдин Кашкар Жунушалиевге туугандык жайы барбы? Милициянын жообу
Чүй облустук милициясы “Майдан.kg” гезитине чыккан материал боюнча билдирүү таратты. Анда мындай деп жазылат:
Кыргыз милициясы терең урматтоо менен окуган “Майдан.kg” газетасы эмне себептен так аныкталбаган маалыматтарды жарыялап жибергендиги белгисиз, демейде тактап жазышчу эле.
Редакция менен байланышуга мүмкүн болбоду, байланыш каражаттары өчүрүлгөн. Аталган газетада Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын батальонунун башчысы Нурбек Салымбаев деген ички иштер министри К.Джунушалиевдин “үкаси”, Бишкек ШИИББнын башчысы Канат Жумагазиевдин “досу” МАИ тармагын майкаңдап жатат деген материал жарыяланган.
Тактап айтып коё турган маселе Нурбек Салымбаев министр К.Джунушалиевдин “Майдан.kg” гезити айткандай “үкасы” да эмес, таанышы да эмес жана анын ким экенин билбейт да, тааныбайт. Эч кандай туугандык да, кызматтык да байланыш эч качан болгон эмес, кыргызча айтканда “кайнаса каны кошулбайт” дегендей эле кеп.
Министрдин атына жамындырып жана анын наамына шек келтирген жалган маалыматты таратууга кимдер кызыкдар экендиги да текшерүүгө алынууда. Бишкек ШИИББндин башчысы Канат Жумагазиевдин “досу” да эмес. Андан сырткары аталган макалада айтылгандар боюнча учурда ички иликтөөлөр кызматтык териштирүү жүргүзүүдө. Макалада айтылган жагдайлар текшерүүгө алынат, эгерде андагы фактылар аныктала турган болсо, сөзсүз түрдө жоопкерчилик карала тургандыгын баса белгилейбиз.
Ссылка: https://barometr.kg/chj-oiibi-majdankg-gazetasyna-chykkan-material-boyuncha-bildir-taratty
Добавить комментарий ×