Чүй облусунун Сокулук районундагы Карасакал айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушту
Чүй облусунун Сокулук районундагы Карасакал айылынын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыз болушту. Аталган айыл республиканын борборуна чукул жайгашканы менен көйгөйлүү маселеси ушул кезге чейин чечилбей келген.
Бул тууралуу Карасакал айылынын тургундары кубанычтуу сезимдерин социалдык барактары аркылуу төмөндөгүдөй мазмуунда билдиришүүдө:
“Эми минтип элет элинин тилеги орундалып, ар биринин короосуна, үйүнө чейин ичүүчү таза суу киргизилди. Бул саамалык “Ала-Тоо булагы” программасынын алкагында ишке ашырылды.”
Белгилей кетсек өлкөнүн калкы беш жылда ичүүчү таза суу менен камсыз болоору айтылууда. Бул боюнча стратегиясы кабыл алынып, анын алкагында республиканын 117 айыл-кыштактары жана 25 шаарлары 2023-жылга чейин ичүүчү таза суу менен толук камсыз кылуу маселеси бекитилген. Бул ири курулуш иштерин ишке ашыруу үчүн Бүткүл Дүйнөлүк Банктан 71 миллион доллар, Ислам өнүктүрүү банкынан 23 миллион доллар, Азия өнүктүрүү банкынан 22 миллион доллар каралганын ичүүчү суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев ырастады.
Таза суу стратегиясынын алкагында өлкөдо жашаган калк 2023-жылы толугу менен таза ичүүчу суу менен камсыз болот. Бул багытта тиешелүү аракеттер көрүлүп, анын алкагында белгиленген курулуш иштери уланып жатканын адистер белгилешет.
Добавить комментарий ×