Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы: милиция кызматкерлери кесипкөйлүгүн көрсөттү
Өлкөбүздө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери өз жумуштарын канчалык деңгээлде аткарды жана жугуштуу илдетти алдын алууда аткарылган иш-чаралар канчалык деңгээлде ишке ашырылды деген суроолор менен Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Ашыркул Асанов кыскача маек берди. Аны Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы даярдады.
- Саламатсызбы Ашыркул мырза. Өзүңүз милицияда иштеген ардагер катары өзгөчө кырдаал учурунда иштеген ИИОнун кызматкерлерине кандай баа бере аласыз?
- Кыргызстанда таажы вирусун алдын алуу максатында өлкө боюнча үстүбүздөгү жылдын 22-мартынан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилбедиби, анын негизинде ИИМдин кызматкерлери өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоо үчүн коомдук жайларда эл көп топтолгон жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук жайларда бет капсыз жүрбөө, өспүрүмдөр менен көчөдө себепсиз жүрүүнү убактылуу токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп башташты. Эпидемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими биздин өлкөгө алгачки ирет киргизилип жаткандыктан дарыгерлердин берген кеңештери коомчулук үчүн маанилүү. Баарыбыз беткап, антисептикалык каражаттарды ала баштадык. Ал эми милиция кызматкерлери бул кырдаалда өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүшүп, элибиздин саламаттыгы үчүн коомдук тартипти сактоодо, түшүндүрүү иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүштү деп ишенимдүү айта алам.
- Коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн көрүлгөн чаралар канчалык деңгээлде натыйжалуу болду деп ойлойсуз?
- Бул таажы вирусу жаны инфекциялардан болгондуктан аны алдын алууга карата дүйнөлүк колдонулган практикалар Кыргызстанда да жогорку деңгээлде жасалганга күбө боло алдык. Өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар, алдын алуу жумуштар, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Алып карасак, салыштырмалуу ооруну жуктургандардын саны жагынан, айыгып чыккандардын саны жагынан да тиешелүү кызматтар эң жакшы жумуштарды аткаргандыгынан кабар берет. Коронавирус илдетин алдын алуу иштеринде ИИОнун кызматкерлеринин жумушу мактоого татыктуу болду. Милиция ызматкерлери өздөрүнө бөлүнүп берилген санитардык-карантиндик посттордо күндүн ысык-суугуна, жаан-чачынга жана жааган кардын суугуна карабай өз милдеттерин мыкты аткарып жатышты.
Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblusunun-iibbnyn-ardagerler-keeshinin-tragasy-menen-maek
Добавить комментарий ×