Чүй облусунда рейд жүрүп, 16 кылмыш ишинин бети ачылды. 60 мечит текшерилди

27 мая 2019 13:10 1254 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облустук ИИБи берген маалыматка таянсак, 21-майдан 22-майга чейин Чүй облусунда «Мыйзамдуу тартип» деп аталган комплекстүү профилактикалык иш-чара – рейд жүрүп, ага Чүй облустук ИИБнин 500дөн ашык кызматкери жана коомчулуктун 100дөн ашык өкүлү катышты.

Рейддин жүрүшүндө уурулук, бейбаштык, тоноо ж.б. сыяктуу 16 кылмыш ишинин бети ачылды. Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жалпысынан ар кандай мыйзам бузуулар туурасында 175 протокол түзүлүп, андан тышкары, милиция кызматкерлери облустун аймагында жайгашкан 60 мечит жана диний уюмдарды текшеришкен.

Иш-чара учурунда ички иштер органына 150дөн ашык жаран жеткирилген. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан 3330 адам жашаган 1111 жеке турак жайлар текшерүүгө алынган жана ички иштер органдарында каттоодо турган 395 адамга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.  

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblusunda-rejd-zhrp-16-kylmysh-ishinin-beti-achyldy-60-mechit-teksherildi



Добавить комментарий