Чүй облусттук соту Садыр Жапаровка карата мунапыстан баш тартты
Бүгүн 19-августа Чүй облустук сотук отурум болду. Буга чейин жактоочу КРМыйзамына ылайык «КР кѳз карансыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916 жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу» мунапыс суранган. Анда саясатчыга мунапыс берип, жаза мөөнөтүн үч жыл төрт айга кыскартууну сунуштаган.
Жыйынтыгында Чүй облусттук соту Аламедин райондук сотунун чечимин күчүндѳ калтырып, жактоочуга суранычын колдогон жок.
Жактоочу Жогорку сотко кайрыларын баса белгиледи.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын 25-мартында Казакстандан келе жатканда камакка алынган.
2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. Садыр Жапаров Чүй облусундагы Аламедин районуна караштуу Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын ѳткѳрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblusttuk-sotu-sadyr-zhaparovka-karata-munapystan-bash-tartty
Добавить комментарий ×