Чүй областында үлпөт тойдо ок чыгарган жигитке иш козголду

25 октября 2021 14:39 732 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда той учурунда жаш жигит аба ок чыгарганы тууралуу видео тарады. Кадрларды Shtraf.kg каналы маалымдаганын «Барометр” кабарлайт.

Чүй областтык ички иштер башкармалыгы бул факты КРнын Жосундар жөнүндө кодексинин “Калктуу пунктта ок атуучу куралдан ок чыгаруу” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлады.

“Видео Ысык-Ата районунун Буденновка айылында тартылган. Ок аткан жигит 22 жаштагы М.И. экени такталды. Ал курал атасыныкы экенин айтты. Бир тууганынын үлпөт тоюнда эки ирет асманга ок чыгарган. Видеону анын достору социалдык тармактарга чыгарып жиберишкен. Жагдайлар такталууда”,-деп билдиришти ведомстводон.     

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblastynda-lpt-tojdo-ok-chygargan-zhigitke-ish-kozgoldu



Добавить комментарий