Чүй областында куралдар, ок-дарылар катылган жай табылды

13 ноября 2021 13:34 1663 Barometr
Поделиться в:
ok

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында Чүй областынын Москва районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөрүндө сакталган мыйзамсыз куралдар жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борборуна шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Негизинен жашыруун жайдан  ар түрдүү калибрдеги ондогон патрону бар аскер тапанчасы, эки детаноторлуу тротиль шашкасы жана колго жасалган грантанын запалы табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча баарын криминалдык элементтер өзгөчө оор кылмыштарды жасаш үчүн даярдашкан. Куралдардын кайдан алынганы такталууда.

УКМК куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташып жүрүү жана алып жүрүүдө кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblastynda-kuraldar-ok-darylar-katylgan-zhaj-tabyldy



Добавить комментарий