Чүй областында Индиянын адашып калган 10 жараны табылды

14 октября 2021 10:37 4310 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областында Индиянын адашып калган 10 жараны табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Ведомсвто берген маалыматка таянсак, чет элдиктер Чүй районунун Кегети капчыгайындагы Көлтөр деген жерине эс алууга барганда жолдон адашып калышкан.

Буга байланыштуу кечээ, 13-октябрда Токмок шаарындагы №21 отряддын 3 куткаруучусу, Чүй районундагы №24 отряддын башчысы жана жарандык коргоо бөлүмдөрүнүн офицерлери саат 00:50дө чакырык болгон жерге барышкан.

Саат 05:27де Индиянын 10 жараны табылып, тиешелүү органдарга өткөрүлдү. Алардын абалы канааттандырарлык.

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblastynda-indiyanyn-adashyp-kalgan-10-zharany-tabyldy



Добавить комментарий