Чиновниктерди өмүр бою багалы деген вице-спикер кайра сөзүн "артка" алды
Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем дегендей, өздөрүнүн жаны үчүн ылайыктуу, ыңгайлуу шарттарды түзгөн мыйзамдарды сунуштап жаткан депутаттар элдин кыжырын кайнатты. Тактап айтканда, "Өнүгүү-прогресс" фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров экс-президентти, төраганы жана премьер-министрди мамлекеттин эсебинен камкордукка алынышы керек деген сунушту айткан. Буга дээрлик коомчулуктун баары депутаттын сунушуна нааразы жана каршы экендиктерин билдирип, социалдык тармактарда кызуу талкуу болууда.
Мындай сунушка вице-спикер түшүндүрмө берип, коомчулукка туура эмес маалымат бөлүнүп кеткенин айтып, мыйзамды кайра алып чыкпай тургандыгын билдирип, интервью берди.
"Бул жерде эки мыйзам бар. Социалдык жактан унаа алып берүү, үй салып берүү жана башка материалдык эмес, сөзүн эркин айтууда кепилдик бере турчу күбөлүгү болсо деген мааниде айтып жатам"-деди вице-спикер.
Эске салсак, Мирлан Бакиров «Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамдары жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Долбоор 30-январда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, кайра өчүрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/chinovnikterdi-mr-boyu-bagaly-degen-vice-spiker-kajra-szn-artka-aldy
Добавить комментарий ×