Чикагодо Валентина Шевченко Джессика Ай менен беттешип чемпиондук титулун коргойт

8 июня 2019 19:54 3717 1 Barometr
Поделиться в:
ok


Эртең, 9-июнда АКШнын Чикаго шаарында Валентина Шевченко америкалык  Джессика Ай менен беттешип чемпиондук титулун коргойт. 

Беттеш эң жеңил салмак категориясы боюнча өтөт.

Мелдеш «Юнайтед Борбор» аренасында болмокчу.

Шевченко үчүн чемпиондук курду коргоо биринчи өтөт. Ал  өткөн жылдын декабрь айында UFC 231 беттешинде Йоанн Енджейчикти утуп алган. 31 жаштагы чемпион кыз 16 ирет жеңишке жетип, үч ирет жеңилген.

Джессика Ай ушул эле турнирде Кэтлин Чукагян менен беттешкен болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/chikagodo-valentina-shevchenko-dzhessika-aj-menen-betteship-chempionduk-titulun-korgojt



Добавить комментарий