Чет өлкөдөгү мекендештер үчүн 44 шайлоо участогу түзүлдү

11 сентября 2020 11:11 829 Barometr
Поделиться в:
ok

Алдыдагы парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул туурасында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров  Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоодо көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынындагы мааалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө КРнын тышкы иштер министрлигинин жана КРын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.

Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат.

Мындан тышкары, парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоого тийиштүү маалымат угулду. КРнын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан.

«Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл», - деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров

Ссылка: https://barometr.kg/chet-lkd-44-shajloo-uchastogu-tzlgn



Добавить комментарий