Өзбекстанга 24 миң лампочканы мыйзамсыз өткөрүү аракети токтотулду

23 июня 2020 16:02 1147 Barometr
Поделиться в:
ok

Чек арадан уруксат берүүчү документи жок жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү, Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары, аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюшту.

Мүрзө жергесинде чек арачылар HYUNDAY-PORTER автоунаасы менен өткөрүү жайынан тышкары аймактан мыйзамсыз түрдө 24 000 лампочканы уруксат берүүчү документтери жок Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Д. Б. аттуу кыргыз жараны кармалды.

Кармалган жүктүн жалпы суммасы 240 000 сомду түздү.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк КР МБКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Куткаруучулар жаш баланын кыпчылып калган колун чыгарып беришти. Бул тууралуу КР ӨКМ Басма сөз кызматы билдирди.


Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradan-uruksat-berch-dokumenti-zhok-zhk-karmaldy



Добавить комментарий