«Чечме-автожол» бекетинен 2,5 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз өткөргөнү жаткан өзбек жараны кармалды

29 июня 2020 17:21 609 Barometr
Поделиться в:
ok

«Чечме-автожол» бекетинен 2,5 тоннадан ашык күйүүчү май аткезчилик жолу менен өткөрүлүп бара жаткан жерден кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

2020-жылдын 27-июнунда «Чечме-автожол» көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары күйүүчү майлоочу заттын аткезчилик жол менен алынып өтүшүнө бөгөт коюшкандыгын маалымдайт.

27-июнунда 1971-ж. туулган Өзбекстандын Д. А. аттуу жараны башкарган Камаз үлгүсүндөгү автоунаа Кыргызстанга келген. Автоунааны текшерген чек ара кызматы унаанын документинде көрсөтүлбөгөн кошумча бакта 2,5 тоннадан ашык күйүүчү май бар экендигин аныкташкан. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жараан жана күйүүчү майлоочу зат КР МБКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradan-tieshel-dokumentterin-teksherd-koshumcha-bak-anyktalgan



Добавить комментарий