Чек арадагы кырдаал: Дагы 7 адам жаракат алды, экөнүн абалы оор
Поделиться в:
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан дагы 7 адам жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Ушул тапта Баткен облусунун аймактык ооруканасына 7 жарадар болгон жаран жаткырылды. Алардын экөөсүнүн абалы оор, жай тургундар эвакуацияланды, атышуу болгон жерден дагы 15ке жакын жабырлануучулардын келиши күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин, чек арадагы кагылышуудан жаракат алгандардын саны 8 адамга жеткени кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-kyrdaal-dagy-7-adam-zharakat-aldy-eknn-abaly-oor
Добавить комментарий ×