Чек арада учурда абал салыштырмалуу туруктуу

20 сентября 2022 09:16 1881 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.


Маалым болгондой, бүгүн 20-сентябрда саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.

Белгилүү болгондой, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү тынч өттү.

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө. Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана чек арадан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча буга чейинки келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат. Жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-arada-uchurda-abal-salyshtyrmaluu-turuktuu



Добавить комментарий