Чек арачылар мектеп окуучуларын сабаган деген доо койду. Тажикстан Кыргызстандын элчисине нота тапшырды

28 апреля 2021 14:00 8096 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбеков кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуя тууралуу кече, 27-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга нота берди. Анда, тажик тарап Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү Тажикстандын жашы жете элек эки жаранын уурдап кетип, күч колдонгону тууралуу тынчсызданганы айтылат.

Маалыматта, окуя Исфара шаарынын Ворух жамаатынын Кулик аймагында болгону кабарланган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Музаффар Хусейнзода чек ара аймагындагы чыңалууга алып келген мындай мыйзамсыз аракеттерге жол берилбеши керектигине токтолду.

Ошону менен катары эле, Хусейнзода кыргыз тарапты күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча тезинен чараларды көрүүгө жана анын жыйынтыгы жөнүндө тажик тарапка кабарлоого чакырды.

Бирок, бүгүн, 28-апрелде, УКМКнын чек ара кызматы тажикстандык ММКлар жазып жаткан “кыргыз чек арачылары Тажикстандын эки мектеп окуучусун сабап койду” делген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

Буга чейин, тажик маалымат каражаттары 25-апрелде Ворухтагы мектептин 8-классынын эки окуучусу мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары тарабынан кармалып, бир саат бою токмоктолуп суракка алынганын жазып чыгышкан.

Бул маалымат, Тажикстандын чек ара кызматкерлери эки кыргыз жаранын уурдап барып, сабап койгондугуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нааразычылык нотасын жөнөткөндөн кийин тарай баштады.

Эске сала кетсек, окуя 24-апрелде болгон. Анда, Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын жашоочусу кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехте иштеген 19 жана 21 жаштагы эки жигит Тажикстандын чек ара кызматкерлери тарабынан уурдалып кеткени кабарланган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдар "Оочу-Калача" посту аркылуу Кыргызстанга кайтарылган. 


Ссылка: https://barometr.kg/chek-arachylar-eki-mektep-okuuchusu-sabagan-degen-doo-kojdu-tazhikstan-kyrgyzstandyn-elchisine-nota-tapshyrdy



Добавить комментарий