Чек ара маселеси Жогорку Кеңештин жабык жыйынында каралып жатат

26 сентября 2019 18:50 951 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеш Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча маалыматын угуу боюнча жыйынды жабык өткөрүүдө.

Төрага Дастанбек Жумабеков маселени жабык жыйында кароо боюнча сунуш түшкөнүн, палатада көпчүлүктүн добушу менен ушундай чечим кабыл алынганын айтты.

Бул маселе Жогорку Кеңештин өткөн аптадагы отурумунун күн тартибине киргизилген болчу. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзодо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктан маселе бүгүнкүгө калтырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-maselesi-zhogorku-keeshtin-zhabyk-zhyjynynda-karalyp-zhatat



Добавить комментарий