Чек ара: чатак ырбады, үй өрттөлдү, күчөтүлгөн режимде күзөт киргизилди

13 марта 2019 22:28 7854 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 13-мартта Баткен районунун Төрт-Көчө жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын ортосунда кайрдан чатак чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.    

Саат 20:00дөн өткөндөн кийин эки тараптан эки жүздөй жаран бири-бирине таш ыргытышкан. Чатакташкан тараптарды тыйыш үчүн асманга эскертилип ок чыгарылды.

Чек арчылардын аракетине карабай эки айылындын эли агрессивдүү болууда жана Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти

Учурда эки мамлекеттин чек арачылары жана Баткен областынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жагдайды жөнгө салууга аракет кылууда.

Кырдаалга байланыштуу чек араны кайтаруунун күчөтүлгөн режими киргизилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-chatak-yrbady-j-rttld-kchtlgn-rezhimde-kzt-kirgizildi



Добавить комментарий