Чек ара аймактарындагы мигранттары патент менен иштей алышат
Кыргыз жарандары, чек ара аймактарында жекече эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттары ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Өкмөттүн 2021-жылдын 12-мартындагы токтомунун негизинде, чек ара аймактарында эмгек ишин жүргүзгөн мигранттарга салык салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында КРнын Өкмөтүнүн «Ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын жарандары өсүмдүктөрдү өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жааттарында иштөө үчүн жалдаган, чек ара аймактарында жекече эмгек ишин жүргүзгөн эмгек мигранттары ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат.
Мында, чек арадагы эмгек-мигранттары Кыргызстандын аймагында патенттин негизинде визасыз режимдин колдонуу мөөнөтү ичинде КРнын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарына ылайык жеке эмгек ишин жүргүзө алат.
Кыргызстанга жеке эмгек ишин жүргүзүү максатында келген чек арадагы эмгек мигранттары үчүн визасыз режимдин колдонуу мөөнөтү ичинде эмгек визасын алуу талап кылынбайт.
Мындан тышкары, ыктыярдуу патенттин негизиндеги иштин түрлөрүнүн тизмесине курьердик иш кызмат көрсөтүүсү киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-ajmaktaryndagy-emgek-migranttary-patenttin-negizinde-ishtej-alyshat
Добавить комментарий ×