Чеченстанда жаран сотсуз өлүм жазасына тартылганы кабарланды

16 февраля 2021 17:31 1174 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков журналисттерге Чеченстандагы сотсуз өлүм жазалары жөнүндө айтылып жаткан маалымат тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу "РИА Новости" жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Буга чейин, "Новая газета" Чечен Республикасында сотсуз өлүм жазасына жарандын тартылгандыгы тууралуу далилдерди топтогон материал жарыялаган.

"Сурооңузга жооп бере албайм, анткени мен бул материалды окуй элекмин. Ошондуктан, күтүлбөгөн нерсе болду же жок деп айта албайм. Мен материал менен сөзсүз таанышам, бирок ушул убакка чейин окууга мүмкүнчүлүк болгон эмес», - деди Песков. 

Песков мындай материалдар укук коргоо органдарына тиешелүү экендигин белгиледи.



Ссылка: https://barometr.kg/chechenstanda-zharan-sotsuz-lm-zhazasyna-tartylgany-kabarlandy



Добавить комментарий