Парижде мугалимдин башын алган чечендин сөөгү өз өлкөсүнө алынып келинип, "баатыр" деп жерге берилди

7 декабря 2020 18:00 1453 Barometr
Поделиться в:
ok

Париждин чет жакасында мугалимдин башын алган Абдулах Анзоров баатыр деп аталды. Бул тууралуу ал көмүлгөн Чеченстандын Шалажи айылынын башчысы Салман Магамадов "Подъём"гезитине билдирген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

«Бул бала Москвада төрөлгөн, Шалажиде биринчи жолу өлгөндө сөөгү коюлуп жатат. Аны таштанды полигонуна ташташым керек беле? Бүткүл ислам дүйнөсү үчүн ал баатыр», - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, Шалажинин башчысы Анзоровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты сый менен өттү деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, коронавирустун жайылышынан аймакта күчүндө болгон чектөө иш-чараларынан улам айылдын кире беришине өткөрүү пункттары орнотулган.

«Кадимкидей эле акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Мен, албетте, ошол жерде болчумун жана туугандарына көңүл айтам. Бул менин милдетим », - деп кошумчалады ал.

Магамадов Анзоровдордун үй-бүлөсү администрациядан материалдык жардам албагандыгын белгиледи.

Ошондой эле, Анзоровдун сөөгүн түркиялык акыркы сапарга узатуу компаниясы алып келгенин айтты.

Буга чейин Анзоров Чеченстандын Урус-Мартан районунда жерге берилгени белгилүү болгон. Журналисттердин айтымында, анын сөөгү 5-декабрда Франциядан алынып келинип, коштошуу зыйнатына 200дөй адам катышкан. Тартипти сактоо үчүн 65 полиция кызматкери тартылган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Чеченстанда Анзоровду "сый-урмат менен" акыркы сапарга узатуу зыйнаты болгон-болбогонун билбейм деди.

"Албетте, бир нерсени так айтууга болот, бул террористтик акт, аны сыйлап-урматтоого арзыбаган нерсе", - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, 16-октябрдын кечинде, Париждин чет жакасында, 18 жаштагы чечен адам тарых мугалими Самуил Патини өлтүрүп, анын башын алган. Киши өлтүрүүнүн себебин, Мухаммед пайгамбардын карикатурасын сабак учурунда көргөзгөнүнө өч алуу максатында жасаган. Анзоровду кармоо учурунда полиция атып өлтүргөн. Франциянын президенти Эммануэль Макрон мугалимдин өлтүрүлүшүн террордук акт деп атаган.

Ссылка: https://barometr.kg/chechenstanda-terroristti-baatyr-dep-zherge-berdi-parizhde-mugalimdin-bashyn-algan-chechen-z-lksn-alynyp-kelindi



Добавить комментарий