Россия Кыргызстанга 51 млн рублдан ашык суммага гумжардам жөнөттү
Чеченстандан медицина тармагына муктаж болгон каражаттар жардам катары келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 2-августта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чеченстан Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 млн 41 миң 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди.
"Аманат бүгүн кыргыз-казак чек арасынын “Ак Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга жеткирилди жана тиешелүү процедуралардан өткөрүлгөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Россиянын “Фармстандарт” ААКсы гуманитардык жардам катары:
- Коргоочу кобинезондор - 24 100 даана;
- Үч кабаттуу беткап - 24 729 даана;
- Полимердик материалдан жасалган көз айнек - 5248 даана;
- Бет калкандар - 10 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар.
Ссылка: https://barometr.kg/chechenstan-kyrgyzstanga-kajtarymsyz-zhardam-zhiberdi
Добавить комментарий ×