Чечүүчү беттеш. Кыргызстан курама командасы бүгүн финалга чыгат же үйгө кайтат
Бүгүн Кыргызстан курама командасы Филиппиндин футбол командасы менен чечүүчү беттеште ойнойт. Беттеш Дубайдагы "Рашид" стадионунда Бишкек убактысы боюнча 17:30 өтмөкчү.
Кыргызстан курама командасы буга чейин Кытай жана Түштүк Корея футбол командалаынан утулуп калгандыгына байланыштуу бүгүнкү беттеш чечүүчү таймаш болмокчу.
Бүгүнкү таймашта утулган команда үйлөрүнө кайтмакчы. Андыктан бул жалпы кыргызстандыктар өчүн абдан маанилүү беттеш болуп көпчүлүк чыдамсыздык менен кутүүдө. Ал эми беттеш тууралуу түздөн-түз маалымат менен Barometr.kg сайтынын журналисти Гулиза Авазова жеринен бөлүшүп турмакчы.
Эске салсак, Кыргызстан курама командасы Филиппин футбол командасы менен буга чейин достук беттешинде ойноп 1:2 эсеби менен утуп алган эле
Ссылка: https://barometr.kg/chechch-bettesh-kyrgyzstan-kurama-komandasy-bgn-finalga-chygat-zhe-jg-kajtat
Добавить комментарий ×