Чаткалда жергиликтүү мас киши Бишкектен барган айдоочуну атып салды
Чаткал районуна жүк ташуучу унаа менен барган киши жергиликтүү мас адамдын огунан каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусттук милициядан билдиришти. Окуя бүгүн 10-январга караган түнү болгон. Бишкектен келген айдоочу жолдо турган унааны жергиликтүү тургундан алып коюсун өтүнгөн. Ал ортодо экөөнүн ортосунда айтышуу болуп кетип, жыйынтыгында жергиликтүү тургун куралын чыгарып, айдоочуга ок чыгарган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жергиликтүү тургунду кармаган.
Териштирүүдөн кийин ок чыгарган тургун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургуну, ал эми каза болгон 25 жаштагы бала Өзгөн районунун тургуну экени аныкталды. Бул иш боюнча кылмыш-иши козголуп, курал колдонгон тургундун мас абалында болгондугу айтылды.
Учурда ал убактылуу камоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/chatkalda-zhergilikt-mas-kishi-bishkekten-bargan-ajdoochunu-atyp-saldy
Добавить комментарий ×