Чаткалдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, антисептик жана маска таркатылды
Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы калктын эң аярлуу катмарына - мамлекеттин камкордугуна алынган жарандарга, майыптыгы бар балдарды баккан ата-энелерге жеке ассистенттерге, тоголок жетимдерге, өтө жакыр жашаган, азык-түлүккө муктаж болгон жарандарга 10 тонна ун (200 мүшөк), антисептиктер жана маскалар таркатылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ундун 5 тоннасы күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине берилген.
Аталган жардам Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы, райондук штаб башчысы Канжарбек Эшалиев жана райондогу кең иштетүү "Заав Чаарат" компаниясы тарабынан берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/chatkalda-kalktyn-e-ayarluu-katmaryna-zhardam-berildi
Добавить комментарий ×