Чек арадан 1 000 литр бензин ташып бара жаткан унаа кармалды

22 января 2020 10:32 612 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен бирге “Чалдыбар унаа жолу” контролдук-өткөрмө пунктунан күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан фактысын аныкташты. 

Бул жылдын 21 январында, Панфилов районунун аймагынан тийиштүү документтери жок, “жүгү 1000 литрге жакын жыты бар суюктук менен толтурулган челеги менен Форд Транзит” үлгүсүндөгү унаа кармалды. 

Азыркы учурда аталган унаа бардык жагдайларды териштиргенге чейин айып короого киргизилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/chaldybar-unaa-zholu-kontrolduk-tkrm-punktunan-unaa-teksherildi



Добавить комментарий