Чалдовар айылында массалык мушташ болду, жабыркагандар бар

18 июня 2019 10:41 1363 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Чалдовар айылында массалык мушташ болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.   

16-июнда болжол менен саат 01.50дө Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага бир нече жаш жигит ар кандай жаракаттар менен келгени тууралуу маалымат түшкөн.

“Жабыркагандар 18 жаштагы К.А., 17 жаштагы А.Н., 17 жаштагы А.А., 18 жаштагы К.Н.  жана 18 жаштагы А.С. экени аныкталды. Алардын баардыгы Чалдовар айылынын тургундары болуп эсептелет. 16-июнда саат 00.30да жаштар арасында өз ара уруш болуп анын соңу мушташ менен аяктаган.Мунун кесепетинен беш жигит жаракат алган. Бул окуянын күнөөкөрлөрү кармалды”,-деп айтылат ИИБ тараткан маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/chaldovar-ajylynda-massalyk-mushtash-boldu-zhabyrkagandar-bar



Добавить комментарий