Чала таанышын алдап, ири суммадагы акча алды деп шектелген аял кармалды

28 октября 2020 18:06 1191 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Белгилүү болгондой, милицияга 16-сентябрда Ш.Ш. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучуну чала тааныш аял ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 7-кичи райондо жайгашкан батирди сатуу максатында 12 миң АКШ доллар алып, ошол бойдон  изин жашырып кеткендигин айткан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында 1975-жылы М.Т. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына алып келинген. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/chala-taanyshyn-aldap-iri-summadagy-akcha-aldy-dep-sheketelgen-ayal-karmaldy



Добавить комментарий