Абылгазиев Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы тууралуу чечимге кол койду

28 октября 2019 16:39 7797 Barometr
Поделиться в:
ok

Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республиксынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  

Жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия 2019-жылдын 8-ноябрына чейинки мөөнөттө талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл.Эске салсак, Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген. 

Сыйлыктын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет. 

Сыйлык 11 номинация боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат.

 

 


Ссылка: https://barometr.kg/chajtmatov-atyndagy-zhashtar-syjlygy-11-nominaciya-boyuncha-eki-zhylda-bir-zholu-yjgarylat



Добавить комментарий